Согуш аймагына окшогон машыгуу талаасынан тик учактарды, танкаларды, зоттолгон техникаларды жана артиллерияны көрүүгө болот.
Бул иш-чарага катышуу үчүн Россиянын Сибиринен бомбалоочу Ту-22М3 аскердик аба кемеси учуп келген.
Бүгүн Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" полигонунда иш-чаранын алгачкы күнү өттү. Иш-чаранын алкагында беш өлкөнүн аскерлери терроризм менен күрөшүү жолдорун үйрөнүп, тажрыйба алмашууда.

Ысык-Көлдөгү машыгууга Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандан эки миңге чукул аскерлер катышууда

Машыгуулар учурунда беш өлкөнүн даярдыгы күчтүү жоокерлери тер төгүп машыкты

"Тынчтык миссиясы — 2016" — ШКУнун террорчулукка каршы командалык-штабдык окуулар

Аскердик, согуштук тажрыйбаны арттыруу Кыргызстанда 15-21-сентябрь ичине пландалган

"Тынчтык миссиясы — 2016га" эки миңдей аскер жана 300 техникасы тартылган

Балыкчыга келген Тажикстандын аскерлери

Кытайлык жоокер атышуу өнөрүнүн алдында өз өлкөсүнүн байрагын көтөрүп турат

Россиялык аскерлер машыгууга зооттолгон техника менен келип түштү

Ок атыла турган жерде техника зарылдык болсо бир нече ирмемдерде бурулушу зарыл

Бутаны мээлей турган мээнеттүү иштин маанилүү адамдары

Артиллерия — аткыла!!! Керек болсо, каршылаштын чаңын асманга ушинтип сапырат

Тик учактар эскадрильясынын машыгуулары негизинен татаал деп эсептелет

Жалын бүрккөн зоот техника

Баягы, атактуу, айтылуу "Катюшанын" кийинки мууну – "Град"

Бирдей ташталган кадамдар менен зыңкыйган аскерлер атышууларды аяктап, кетип бараткан кези

Биздин жоокерлер, кыргыз жоокерлер

Полигондогу асмандан куйкалаган күн
