БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасында командирдин алмашканын аскердик өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
"Шаршемби күнү авиабазанын жаңы командири — Андрей Янкин келди. Ал Кыргызстанга Россиянын Түштүк аскердик окуругунан которулуп, буга чейин авиациялык полк командиринин орун басарлыгын аркалап келген", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейинки командир Александр Орлов кызматынан жогорулап, Россияга кайтты.
ЖККУнун "Кант" авиабазасы — Бишкектен 20, Канттан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан аскердик аэродром.