БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Москва шаарындагы өрттө эрдик көрсөткөндөрдү сыйлоо тапшырмасын берди.
Өлкө башчынын тапшырмасы менен эрдик көрсөткөндөргө атайын диплом тапшырылып, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт.
Эске сала кетсек, 27-августта Мсоква шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон.
Мындан сырткары үч жаран жаракат алып, ооруканага жаткырылган.