БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2015-2016 сезонунун жыйынтыгы боюнча Европанын мыкты оюнчусу наамын алды. Бул тууралуу UEFAнын расмий сайты кабарлайт.
Бул наамга үч футболчу ат салышкан. Алар Криштиану Роналду, Гарет Бейл жана Антуан Гризман.
UEFAнын 55 улуттук ассоциациясынын спорттук журналисттеринин 40 добушун Роналду, сегизин Гризман, ал эми жети добушту Бейл алган.
Роналду өткөн сезондо "Реал Мадрид" клубу менен Чемпиондор Лигасын утуп алса, Португалиянын курамында Евро-2016ны багындырган.
Ал эми Испаниянын биринчилигинде 36 беттеште ойноп, 35 гол жаратса, Чемпиондор Лигасынды 12 беттеште 16 гол, Евро-2016да жети оюнда үч гол киргизген.