Биринчи таймда күчтүү соккусу менен Антуан Гризманн көптөрдүн эсинде сакталып калды, бирок, ага португалиялыктардын дарбазачысы Руй Патрисиу туздай татыды. Андан сырткары жаракат алгычакты Криштиану Роналду жай берген эмес. Димитри Пайе менен сүзүшүп кеткен Роналду медиктердин жан-алакетке түшкөн аракетинен кийин деле оюн талаасына кайтып келе албай, аны замбил менен көтөрүп кетишти.
Эки тарап тең оюндун негизги убактысында гол киргизе албай койду.
Португалиялык тарапка тараза ташты Эдер оодуруп, 109 мүнөттө миллиондор күткөн топту француздардын дарбазасына киргизди. Ошентип, португалиялыктар 41 жыл ичинде биринчи ирет Европанын чемпиону болду.

Евро-2016 чемпионаты башталар алдында Франция менен Португалиянын курама командалары

Медиктер Португалиянын курама командасынын оюнчусу Криштиану Роналдуну оюн таласынан замбил менен көтөрүп чыгып бара жатат. Ал Димитри Пайе менен сүзүшүп кетип жаракат алгандыктан, ойной албай калды

Оюндун 12-мүнөтүндө келе жаткан топту Гризманн чеберчилик менен сүзүп, бирок дарбазачы аны артка кайтарды

35-мүнөт. Мусса Сиссоко айып талаасынан атаандашын чеберчилик менен алдап өтүп, сокку урду. Патрисиунун ою, көзү дарбазада

Оюн тааласына чуркап чыккан күйөрман. Коопсуздукту сактаган кызматкерлер аны футболкасынан кармап калганга жетишти

Франциянын курама командасынын форварды дарбазага топ киргизүү үчүн жан алакетке түшүп жатат

Нанндын чеберчилик менен багыттаган тобун франциянын дарбазачысы Уго Льорис секирип артка кайтарды...

Оюн учурунда эмнелер болбойт. Португалиялык Рикардо Куарежманын колтугунда Франциянын коргоочусу Лоран Косельнинин башы калыптыр...

Жүрөктү дүкүлдөткөн ирмемдер...

Француз кыз-келиндери... күйөрмандык кылган учурлар

Португалиялык тарапка тараза ташты Эдер оодуруп, 109 мүнөттө миллиондор күткөн топту француздардын дарбазасына киргизди

Жаракат алган Криштиану Роналду жеңишти көз жаш менен тосуп алды

Франциялык футболчулардын күйүтү жана көз жашы

Оф-фф... жеңиштин даамы кандай сонун! Португалия муну 41 жыл күткөн. Португалиялык оюнчулардын кубанычында чек жок

Майрамдык салют

Португалиянын курама командасынын күйөрмандары ушундай бир жыргап, кыйкырып, ышкырып жатат
