БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Айида Батырбекова. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантмакчыбыз. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.
Эт менен челдин ортосунда — жасаган көрүнүктүү иши жок. Жанынын тынчын ойлогон, же тыякта жок, же быякта жок эки ортодо жүргөн киши. Өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон митайым, куу адам.
Эски малдын көзүндөй — эски тааныш, жакшы мамиледе жүрүп, көптөн бери көрүшпөгөн адамды айтат.
Эне сүтү оозунан кете элек — өтө эле жаш. Эч нерсени көрө элек жаш бала же жаш кыз.
Эрди эрдине жукпаган — шакылдап тез-тез сүйлөгөн. Сөзүнүн маңызы жок адам.
Эки чылбыр, бир тизгинди алуу — толук бийлеп алуу. Баарын өзү билип, өзү башкаруу.
Эки колу бир оозуна түтпөйт — тамакты шашып, ыгы жок апылдатып тез жеген адамга карата айтылат.
Эки бутун бир кончуна сыйдырды — кыйнады. Аргасыздан айтканын аткартты, бир ишти күч менен жасатты. Аткарууга мажбур кылды.
Эгерде эки болбо — эч качан жакшылык көрбө. Жарыбай өт деген каргыш сөз.
Ит жандуу — ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого чыдамдуу, жаны бек, чыдамкай. Мисалы, "шорум ай, ит жандуу белең" деп айтылып калат.
Элек издеп эрге тийип кетти — бирөөнү бир жерге жумшаганда кечке жоголуп кетсе "элек издеп эрге тийип кетти" деп айтылып калат.
Асан кайгы — ыгы жок кайгыра берген, кайгыдан башы чыкпаган адам. Бул лакап кептин төркүнү байыркы жомоктордогу Асан деген адамга тиешелүү. Ал элдин оор турмушун женилдетүүнүн камын ойлоп, санаага батып, жабыр тарткан экен.