Рио-де-Жанейро шаарындагы "Маракана" стадионунда XXXI Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өтсө, Кыргызстанда кум скульптурасы боюнча эл аралык фестиваль башталды.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова индиялык Сакши Маликтен утулуп, Олимпиадада бешинчи орунга илинди. Ал эми Сингапур алтын медаль алган сууда сүзүүчү Жозев Скулингди улуттук баатыр катары тосуп алышты.
Индонезия Голландиянын колониалдык башкаруусунан кутулгандыгынын 70 жылдыгын белгилесе, Сирияда согуштук аракеттер уланууда.

Рио Олимпиадасында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында Индиядан келген спортчу Сакши Маликтен утулуп, коло медаль ала албай калды.
Беттешүүдө алгач алдыда келе жаткан Айсулуу акыркы секунддарда 8:5 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада бешинчи орунду ээлеп, өкмөттөн 1 миллион сом сый акы алмай болду
Беттешүүдө алгач алдыда келе жаткан Айсулуу акыркы секунддарда 8:5 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада бешинчи орунду ээлеп, өкмөттөн 1 миллион сом сый акы алмай болду

Бразилиялык сүрөтчү Эдуардо Кобранын Рио-де-Жанейродогу эмгеги

Калифорнияда футбол боюнча НФЛ менен "Хьюстон Тексанс" командаларынын беттешүүсүндөгү сүрөөнчү кыздар

Ямайкалык жеңил атлетчи Усейн Болт 100 метрлик жарыштын финалдык бөлүгүндө. Спортчу тогуз ирет алтын тагынып тирүү легендага айланды

Дамаскинин жанындагы ооруканада жаракатынан улам ыйлап жаткан сириялык балакай. Өлкөдөгү терактылардан улам 290 миңдей адам каза болгон

Риодогу XXXI жайкы Олимпиада оюндарындагы спортчулар Лолита Ананасова жана Анна Волошина

Индонезия эгемендүүлүк алгандыгынын 70 жылдыгын белгиледи. Салт боюнча майрамда Панжат Пинанг конкурсу өткөрүлдү. Ага ылайык, майланышкан устунга биринчи болуп чыгуу керек

Кытайдагы иттер үчүн жасалган бассейн

9/16
© Фото / Кубанычбек Аманбеков
Чолпон-Ата шаарында кумдан жасалган скульптуралар

Риодогу Олимпиадада сууда сүзүү боюнча алтын тагынган Жозеф Скулингди сингапурлуктар алаканга салып тосуп алышты. Жозеф Скулинг өлкөсүнө алгачкы алтынды алып келди

Америкадагы Нью-Йорк шаарында эки автобус кагылышып, бир адам набыт болду. Ал эми жол кырсыгынан 9 киши оор жаракат алган

Кытайда катуу жаагандан жаандан улам алты провинциядан 13 адам каза болуп, 62 киши дайынсыз жоголгон. Табият кырсыгынан 1,73 миллион адам жабыркады

Калифорниядагы өрттүн кесепетинен 96 үй жана 213 турак жай толугу менен күйүп кетти

Улуу Британиядагы Airlander 10 аба кемеси алгачкы ирет асманга көтөрүлүп жатат. Анын узундугу 92 метр, туурасы 8 метрди түзөт

Кытайлык спортчу Цинь Кай Рио Олимпиадасында күмүш тагынган сүйүктүүсү Хэ Цзыга шакек тагып, эл көзүнчө колун сурады. Ал эми спортчу кыз, албетте, баш тарта алган жок

Бразилиялык ырчы Мариене де Кастронун жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде ырдап жаткан учуру
