Шотландия шамалдан алынган электр энергиясы менен өлкөнү камсыздады

© AFP / YASUYOSHI CHIBAВетряные турбины. Архивное фото
Ветряные турбины. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиянын Independent басылмасы жай айында Шотландияда электр энергиясы аз колдонуларын жазат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Шотландия шамалдан алынган электр энергиясы менен өлкөнү бир күн толук камсыз кыла алганын РИА Новости билдирди.

Маймыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кенияда маймыл бүтүндөй өлкөнү үч саат жарыксыз калтырды
Өлкө аймагында шамалдан энергия алуу үчүн орнотулган турбиналар 7-августта 106 пайыз электр энергия иштеп чыккан. Ал өлкөдөгү бардык үйлөр менен кеңселердин кенен колдонуусу үчүн жетмек. Шамал турбиналары бир суткада 39,545 мегаватт саат электр энергия чыгарган. 7-августта өлкө боюнча колдонулган электр энергиясынын көлөмү 37,202 мегаватт саатты түзгөн.

Британиянын Independent басылмасы жай айында Шотландияда электр энергиясы аз колдонуларын жазат.

Жаңылыктар түрмөгү
0