БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кениядагы тентек маймыл бүтүндөй өлкөнү үч саат электр энергиясыз калтырды. Бул тууралуу британиялык The Telegraph басылмасы жазып чыкты.
Жаныбар Gitaru гидроэлектростанциясынын үстүнө чыгып кабелдерден ары-бери секирип жатып иштеп жаткан трансформаторго кулап түшкөн. Мындан улам агрегат иштен чыгып, бир катар станциялар жабыркаган да, өлкө боюнча жарыктын өчүшүнө алып келген.
This rogue monkey triggered a nationwide blackout in Kenya https://t.co/IAXqMKZ15k pic.twitter.com/O07e6vejEe
— CNN (@CNN) 8 июня 2016 г.
Маалыматка ылайык маймыл оор жараат алган эмес, учурда абалы жакшы. Ал жергиликтүү табиятты коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди.