БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. ИИМ ардагерлери Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Көчмөндөр оюндары өтчү ипподромду салып жаткан куруучулар менен жолукканын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагерлердин делегациясын ИИМ башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев коштоп барган.
Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1000ге чукул жумушчуга өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган ардагерлер ыраазычылык билдирип, алып келген белектерин ыроолошту. Өз кезегинде куруучулар жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип, аксакал карыялардын ак батасын алышты.