БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары "ВКонтакте" сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаровду өз алдынча Кыргызстанга алып келүүнү демилгелеп жатышат.
Конкурстун жыйынтыгында сазга батып сүрөткө түшкөн Назаров экинчи орунду алган. Жеңүүчү random сайты аркылуу аныкталып, Сергей Малой жеңүүчү болгон. Бирок ал Кыргызстанга келүүдөн баш тартып, акчалай сыйлыкты алган болчу.
Буга чейин Игорь Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде Кыргызстанга келүүнү самай турганын айткан.
Я готов скинуться за такую решительность) https://t.co/Pw0Xfzh6HT
— Аналитик (@Danik_bikelife) 2 августа 2016 г.
Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу ага жардам берүүгө даяр экенин жазды.
Facebook тармагынын башка колдонуучусу Назаровду Кыргызстанга алып келүү үчүн 200-500 сомдон чогултууга чакырды.
Назаров сазга баткан сүрөтүн жарыялагандан кийин анын сүрөтү аябай талкуу жаратып, ылакапка айланган.