Түркия, паранжа, 60 жылдык той. Атамбаев журналисттер менен эмне тууралуу сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева на побережье Иссык-Куля
Пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч саатка жакын убакыт ичинде өлкө башчысы журналисттердин Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр, өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу темалар боюнча суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.

Ал үч саатка жакын убакыт ичинде журналисттердин жана эксперттердин 40 суроосуна жооп берди. Өлкө башчысы маалымат жыйында эмнелер тууралуу айтканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы Рух ордо комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАл үч саатка жакын убакыт ичинде журналисттердин жана эксперттердин 40 суроосуна жооп берди.
Ал үч саатка жакын убакыт ичинде журналисттердин жана эксперттердин 40 суроосуна жооп берди. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ал үч саатка жакын убакыт ичинде журналисттердин жана эксперттердин 40 суроосуна жооп берди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев белгиленген мөөнөттөн 10 мүнөт кечигип келип, кармалып калганы үчүн журналисттерден кечирим сурады.
Атамбаев белгиленген мөөнөттөн 10 мүнөт кечигип келип, кармалып калганы үчүн журналисттерден кечирим сурады. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Атамбаев белгиленген мөөнөттөн 10 мүнөт кечигип келип, кармалып калганы үчүн журналисттерден кечирим сурады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы Рух ордо комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.
1/4
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.
2/4
Ал үч саатка жакын убакыт ичинде журналисттердин жана эксперттердин 40 суроосуна жооп берди.
3/4
Атамбаев белгиленген мөөнөттөн 10 мүнөт кечигип келип, кармалып калганы үчүн журналисттерден кечирим сурады.
4/4
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматов залында маалымат жыйын өткөрдү.

Атамбаев белгиленген мөөнөттөн 10 мүнөт кечигип келип, кармалып калганы үчүн журналисттерден кечирим сурады. 

Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана "гүленчилер"

Бир нече күндөн бери катуу талкууга алынып жаткан маселе Конституцияга киргизиле турчу өзгөртүүлөр боюнча суроого жооп берип жатып, өлкө башчы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликте калбай турганын айтты.

"Эгер мен бийликте калууну кааласам, башкача референдум кылмакмын. Мага экинчи мөөнөткө калыңыз деп кайрылгандар көп. Конституциядагы "миналарды" алып, биз мурдагы убакка барбагыдай кылыш керек", — деп өлкө башчысы референдум өткөрүүнүн себебин тактады.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент "Атамбаев — түрк чалгынынын агенти" деген видео тууралуу айтты
Ал ошондой эле референдум өткөндөн кийин азыркы парламент таркабай турганын, эгер өлкө парламенттик башкаруу системасына өтсө "120 баштуу ажыдаар" болбой турганын баса белгиледи. Жаңы Конституция бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту сактай турганын айтты.

Өлкө башчысы ошондой эле аны Түркиянын агенти деп интернетте тарап кеткен видео тууралуу оюн билдирип, "Бакиевдер тарабынан даярдалган видеону көрбөйм" деп жооп кайтарды.

Түркия менен болгон мамиле

Президент өлкө кыйын күнгө туш болуп турган учурда Түркия анын БУУдагы мүчөлүк акысын төлөп турганына ыраазычылык билдирип, жардам эч кандай милдети жок берилиши керектигин баса көрсөттү.

"Бизге жардам берген мамлекеттерге ыраазыбыз, бирок аны милдет кылбаш керек. Бизге шарт коюунун да кереги жок. Эгер андай боло турган болсо акчаңарды кайтарып алгыла", — деди президент.

Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Фетхуллах Гүлендин тарапташтары Кыргызстанда төңкөрүш кылышы мүмкүн деп айткандарына да кескин түшүндүрмө берди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев 60 жылдык мааракесин кантип белгилей турганын айтты
"Эгер алар ушунчалык эле акылдуу болсо, эмнеге өз өлкөсүндө болуп өткөн окуянын алдын ала алган жок. Албетте, берилген маалыматтарды текшеребиз. Бирок бизге акыл үйрөтүп, коркутуунун кажети жок. Бизди эбак эле коркутуп бүтүшкөн", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы Стамбулдун аэропортунда жардыруу жасагандардын арасында КР жараны болушу мүмкүн деген кишинин жанынан табылган паспорт жасалма экени аныкталганын, андыктан коопсуздук чараларын күчтөндүрүү үчүн биометрикалык паспортту киргизүү муктаждыгы келип жеткенин баса белгиледи. 

Дод менен Бельянинов

Президент Россиянын Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Андрей Бельянинов менен "Русгидро" ААКтын мурдагы жетекчиси Евгений Дод тууралуу өз оюн айтты.

"Бельянинов Кыргызстан үчүн көп нерсе жасады" — деп билдирди өлкө башчы.

"Бельянинов Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы нерселерди жасады. Мен ага кызматыңан кет деп үч жыл мурда эле айткам. Аны бирде болбосо бирде отургузуп коет дегем. Эми ал өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы боло албай турганы мен үчүн өкүнүчтүү", —деген оюн айтты.

Атамбаев Евгений Додго дагы көз карашы түз экенин билдирди.

"Мен жакшылыкты унутпайм. Эми анын баарын тергөө органдары иликтеп, баа берсин", — дед ал.

Азимжан Аскаров менен АКШнын мамдепартаменти

Президент Азимжан Аскаров тууралуу суроо болгондо кайтадан Конституция тууралуу айтып өттү.

Ал башкы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр БУУнун комитеттери мындан кийин Жогорку соттун чечимдерин "жокко" чыгара албай турушу үчүн жасалып жатканын баса белгиледи.

"Биз таңууланган чечимдерди кабыл ала албайбыз, ал эми учурдагы Конституция комитеттеги 12 кишиге көз карандысыздык берди", — деди президент.

Терроризм, дин жана "Кумтөр"

Мамлекет башчысы "Кумтөр" кенинин айланасындагы алдамчылыкка тиешеси бар тараптар — Аскар Акаевби, же "Камеко" менен "Центерра" болобу жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи. 

Ал ошондой эле улуттук кийим жана паранжа кийген кыздардын сүрөтү түшүрүлгөн баннерди колдоого алганын айтты.

"Мен улуттук кийим тууралуу баннерлерди илүүнү колдогом, бирок акылдуулар чыгып, биз кыска юбкаларга баратабыз деген плакаттарды да илип коюшуптур. Биздин аялдар совет доорунда эле кыска юбка кийишкен. Диндин максаты — бул тынчтык. Мага демектен чокоюңарды башыңарга кийип алгыла, бирок эч кимди жардырбагыла. Биз былтыр террордук топтор бар экенин билип, бирок алар тууралуу кенен маалымат топтоо үчүн дароо кармаган жокпуз. Бирок чакан автобустун ичине жарылуучу заттарды салып, Орозо айтта кишилерди жардырууну каалашкан, бул — дин эмес. Эгер силерге кийим жакпаса, анда башкалардыкын таңуулабагыла. Бөлөк мамлекетке барып жашагыла, Сирияга, Бангладешке кетчү жол акысын төлөп беребиз", — деди ал.

Атамбаев ошондой эле саясатка келүүнү каалагандар сакалын алышы керектигин баса белгиледи.

Бийлик, оппозиция жана майнапсыз кеткен жылдар

Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Референдум: Конституция кандайча өзгөрөт?
Президент 2010-жылкы окуялардан кийин шайлоого катышууга ниети болбогонун айтты. Шайлоого барууга аны Роза Отунбаева мажбурлаган. 

Эми ал президенттин мөөнөтү аяктаганга чейин (1 жыл 3 ай) көп нерсеге үлгүрүп калсам деп жатканын жашырган жок.

Өлкө башчысы эгемендүүлүктүн 20 жылы бош эле өтүп кеткенине өкүнөрүн, себеби уурулук кылуу үчүн насыя алынып келгенин айтты. Эми андайга жол бербей, өлкө өнүгүү жолуна түшүшү керектигин баса белгиледи.

Ыр чыгаруу, паспорттогу "улут" графасы

Өлкө башчы Ташкентке барар алдында департаменттин жетекчилеринин бири президенттин учагы 25 жылдан бери колдонулуп келе жаткандыктан анда учууга болбой турганын айтканын билдирди. Бирок ага карабай ал ошол учак менен учуп кеткен.

"60ка чыктым, ичээримди ичип, жээримди жедим. Бирок учактагы жаштар тууралуу ойлодум. Ташкентке келгенден кийин гана жарыкка чыкпай калчу ырларымды ойлодум. 47 мүнөттүн ичинде беш ыр жаздырдым", — деди ал.

Атамбаев паспорттогу "улуту" деген графаны алып таштоо үчүн акырына чейин турарын белгиледи.

"Биз цивилизациялуу мамлекетпиз. Өнүккөн бардык мамлекеттерде бул графа жок", — дейт өлкө башчысы. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кезектеги төртүнчү ыры чыкты
Ошондой эле паспорттогу графаны бетке кармап, өлкөдө абалды туруксуздаштырууга аракеттер болуп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчы чек ара маселелери жакында чечилбей турганын айтып, Балыкчы — Корумду жолу кийинки жылы гана бүтүрүлө турганын кошумчалады.

Маалымат жыйындын соңунда Атамбаев 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун үмүтүн актоого аракет кыларын белгиледи. Андан сырткары, журналисттерди жакшы нерселерди көп жазууга чакырып, туулган күнүн кандай белгилей тургандыгы азырынча белгисиз экенин айтты. Анткени 17-сентябрдын түнүндө ал КМШ мамлекеттеринен келген ардактуу конокторду аэропорттон тосуп алмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0