БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында референдум (элдик добуш берүү) өткөрүү пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүүнүн анчалык деле зарылчылыгы жок. Анткен менен бул кадам бир топ кемтиктерди жоюу үчүн жасалууда.
"Кудай буюрса, кеч күздө референдум өткөрүүнү пландап жатабыз. Демилгени КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары көтөрүп чыкты. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду. Ошол жактан кеңири таанышууга болот", — деди Өмүркулов.
Ал мындан сырткары, референдумга президенттик шайлоонун убактысы жана Жогорку Кеңештин тароосу боюнча маселе коюлбай турганын айтты.
"Демилгени азырынча ушул фракциялар көтөрүп чыктык. Калгандар өз позициясын билдирет. Референдум менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо бир күндө өтөт. Бул чыгымды азайтуу үчүн жасалууда", — деди фракция лидери.
Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков демилге заман талабы болуп жатканын айтты.
"Элдин жашоосу жакшы жакка өзгөрөт. Анткени соттук реформа алдыга жылып, бир топ алмашуулар күтүлүүдө. Биз буга чейин референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда жактырганбыз. Алгач ошол мыйзам кабыл алынып, анан референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карайбыз", — деди вице-спикер.
"Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын депутаты Исхак Масалиев Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгени президент мурун эле көтөрүп чыкканын айтты.
"Азырынча мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Көп нерселер өзгөрүп кетиши мүмкүн. Күзүндө баары белгилүү болот", — деди Масалиев.
Конституцияда сунушталып жаткан негизги өзгөртүүлөр боюнча Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова айтып берди.
- 26-берененин 7-бөлүгүнө ылайык, жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтүн колдонуу процедурасы өзгөртүлөт. Буга чейин маселени тергөө органдары чечип келсе, мындан ары бир гана сот чечет. Тагыраагы, кылмыштын мөөнөтү эскирсе деле, аны кайра тергөөгө жол ачылат.
- 72-берененин 3-бөлүгү боюнча эгерде эл өкүлү премьер-министр же вице-премьер болуп шайланса, мандатынан ажыратылбайт. Ал кызматын тапшырган соң, кайра эле депутат болуп кала берет. Буга чейин кызматка кеткен депутат мандатынан ажыратылган.
- 75-беренеге ылайык, көпчүлүк коалициясы тараса, төрага автоматтык түрдө кызматтан кетет. Ал эми мурунку Конституцияда төрага кызматтан кеткен эмес.
- 87-беренеде өкмөт башчыга кошумча ыйгарым укуктар берилүүдө. Тагыраагы, премьер министр өкмөт мүчөсүн бошотуу боюнча демилгени президентке сунуштайт, эгерде президент 5 күн ичинде жарлыкка кол койбосо, премьер-министр өз алдынча кол коюуга укуктуу болот. Мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрүн жумушка дайындоодо премьер-министр сунушту Жогорку Кеңешке берет. Ал эми президент үч күн ичинде жарлыкка кол коюусу зарыл. Эгер үч күн ичинде кол койбосо, автоматтык түрдө дайындалды болуп саналат.
- 89-берене боюнча өкмөт башчы райондук администрация жетекчилерин буга чейин райондук кеңештин депутаттарынын сунушу менен дайындаса, эми өз алдынча кызматка кое алат.
- Ал эми 93-беренге өзгөртүүлөр киргизилип, буга чейин Жогорку соттун курамында турган Конституциялык палата аталган курамдан чыгат. Ага ылайык, өлкөдөгү сот системасы жергиликтүү соттордон, Жогорку соттон жана Конституциялык көзөмөл жүргүзүүчү Конституциялык палатадан турат.
- 95-беренеге өзгөртүүлөр киргизилип, Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы талаптарды бузган судьяларды жоопко таруу сунушун киргизе алат. Буга чейин мындай комиссия жок болчу.
- 97-беренеде мурун Конституциялык палатанын чечими даттанууга жатпаса, жаңы сунушка ылайык, Конституциялык палатанын корутундусу президентке жана Жогорку Кеңешке жиберилет.