БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өлкө башчы маалымат жыйын учурунда "Атамбаев — түрк чалгынынын агенти" деген видео тууралуу пикир айтты.
Эске сала кетсек, буга чейин жогорудагы аталыштагы видео интернет булактарына тарап кеткен.
"Мен Бакиевдердин видеолорун көрбөйм. Ага убакытым да жок. Мунун баары Белоруссиядан жасалууда", — деди Атамбаев.
Ал Бакиев уюштурган ооз ачаарга барган кыргыздарды жана Бакиев үчүн ырдаган ырчыларды сындады.