Август айы жаан-чачын менен башталат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Август айы жаандуу баштала турганын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Сел кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендин бир топ айылдарында катуу сел жүрдү
Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 33 градуска чейин жогорулайт.

Нарында күндүн ысыгы 25 градуска чейин жетсе, Ысык-Көлдө 27 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы 30…33 градус ысык болушу күтүлүүдө.

Кыргызгидромет 1-августта бийик тоолуу аймактарда кар жаай тургандыгын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0