БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Баткен облусунун бир канча райондорунда катуу жаандан улам сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июль күнү Лейлек районунун Чимген, Самат, Ак-Суу, Коргон, Бешкент, Кайрагач айылдарында, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында жана Кадамжай районунун бир катар кыштактарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, турак-жайларды каптап, унаа жолдорун жууп кеткен.
ӨКМнын аталган аймактардагы башкармалыктары маселени чечүү үчүн атайын техникаларды тартып, учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.