БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы 6 гектар күрүч талаасын дарыянын суусу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 26-июлда түнкү саат 23:00 чамасында Бостон участкасындагы тосмону Кара-Дарыянын суусу жеп кеткен. Жээктен ашкан суу айдоо аянттарын каптаган.
ӨКМдин билдиришинчие турак-жайларга коркунуч жок.
"ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Райондук Жарандык коргоо комиссиясы жеринде иш алып барууда.