БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандын артисттерге лицензия берген "Узбекнаво" эстрадалык бирикмеси Ситора Фармонова, Сарвора Азимова жана Комила Фозиловалардын лицензияларын токтотту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лицензиялар ырчылардын аталган бирикме менен түзгөн келишимин бузгандыгы үчүн алардын алынган. Анткен менен "Узбекнаво" кайсыл талаптар бузулугандыгын ачыктаган эмес.
Ырчы жана актриса Ситора Фармонова "Азия MIX" командасынын мүчөсү болуп, КВНдерге катышып келет. Буга чейин "Жатакана" телесериалында роль жараткан. Эске сала кетсек, Кыргызстандын КВН боюнча "Азия MIX" командасы "Голосящий КиВиН-2016" фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль алган.