БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. "Азия Mix" командасы Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль алышты. Бул тууралуу оюндун расмий сайтында маалымдалды.
Фестиваль Светлогорск шаарында 15-17-июлда өткөн. Оюндун финалына 23 команда чыкты. Кыргызстандын атынан "Азия Mix" командасы катышты. "Алтын чоң КиВиН" фесивалдын эң жогорку сыйлыгы.
Калыстардын катарын хоккеист Владислав Третьяк, актер Дмитрий Дюжев, кавээнщиктер — Сергей Светлаков, Семен Слепаков, алып баруучу Валдис Пельш жана Юлий Гусман.
"Кара чоң КиВиНди" Москва мамлекеттик цирки алса, "Өңү ачык чоң КиВиН" "Проигрыватель" командасна тийди.
"Алтын чоң КиВиН" сыйлыгын "Азия Mix" командасы алды. Андан сырткары 400 миң рубль алды", — деп айтылат маалыматта.
Президент Александр Масляковдун КиВиНи Грузиянын курама командасына тийди.