БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Интернеттеги YouTube каналында президент Алмазбек Атамбаевдин кезектеги жаңы ыры пайда болду, ал "Мне не страшно умирать" деп аталат.
Ырды атактуу "Жоокер туурасындагы баллада" деп аталган кинотасманын кадрлары коштойт. Видеону ORDO Production компаниясы жайгаштырган.
Атамбаевдин айтымында, кезектеги бул жаңы ырын Сергей Орловдун текстине жазган.
Буга чейин президенттин орус тилиндеги "Я не могу без тебя жить" жана "Судьбе назло" деп аталган ырлары интернет айдыңына тарап, көптөрдүн кызыгуусун жараткан.
Атамбаевдин чыгармачылыгы боюнча Кыргызстандан сырткары, тагыраагы Россияда да белгилүү болгон. "Россия 24" маалымат каналынын эфиринде бул тема бир топ талкууланган.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан юбилейине карата ал орус тилинде обондуу беш ыр жазып, жакындары менен туугандарына белек кыларын билдиришкен. Кийинчерээк кыргыз тилиндеги ырлары да чыга турганын кошумчалашкан.
Башка кайсы чет мамлекеттердин башчыларын ырдап-чоордой тургандыгын Sputnik Кыргызстан жасаган төмөнкү материалдан таанышсаңыз болот.