RTBF телерадиокомпаниясы 120га жакыны жарадар болгондугун кабарлаган. Ал эми Ички иштер министрлиги 19 адамдын абалы азыр оор экендигин айтты.
Эл аталган аймакка Бастилиянын алынышына карата майрамга чогулган.
Окуя кечээ түндө, 14-июлда болгон. Франциялык басылмалардын жазганына караганда, автоунаа эки чакырымга чейин токтобой, полиция айдоочуну атып өлтүргүчө чогулган элди тебелетип жүрүп отурган. Күбөлөрдүн айтымында, ал унааны түз эмес, ары-бери жакка буруп, көбүрөөк курмандык жараткандай маанайда айдаган.

Теракт Бастилияны алуу күнүнүн урматына уюштурулган майрам учурунда болгон

Тигил турган жүк ташуучу унаа кишилерди тебелеген...

Окуя болгон жерге келген аскер жана полиция кызматкерлери

Каза болгондордун сөөгүн жакын ресторандардан алынган кездемелер менен жаап коюшкан

Окуя болгон аймакка жакын жерден өтүп баратка айдоочуларды укук коргоо органдары текшерүүдө

Франциянын ички иштер министринин орун басары Бернар Казнев окуя болгон жерде

Кырсык болгон жерге келген полиция менен аскерлер

Жарандардын документтерин текшерген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү

Колдорун башына койгон кишилер каргаша болгон аймактын жанынан өтүп жатышат

Бул окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү
