БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү массалык түрдө качкандыгынан улам аталгон уюм Ирактын түндүгүндөгү Киркук провинциясындагы Эль-Хувейджи аймагынан өзүнүн согушкерлерин жарымын жоготконун "Ас-Сумайрия" телеканалы маалымдаганын РИА Новости билдирди.
"Согушкерлердин бир катары сакалдарын алып, Эль-Хувейджи аймагынан чыгып кетип жатат. Буга аз-Заб аймагындагы айылдарда аскерлердин келиши да себеп болду", — деп аталган каналга өздүк булагы билдирген.
"Ислам мамлекети" Киркус провинциясындагы Эль-Хувейдж аймагын 2014-жылдын июль айынан тарта өзүнүн көзөмөлүнө алган. Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, Ирактын куралдуу күчтөрүнүн аймакты согушкерлерден бошотуу аракеттеринин күчөшүнөн улам алар өзүнүн коргонуу аракеттерин провинциянын түштүк-батыш аймагында күчтөнтүп жатат.