БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн, 8-июль күнү башка бирөөнүн паспорту менен кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө аракет кылган тажикстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран "Акжол-автодорожный" чек арасынан колго түшкөн.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.