00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча 20 миңге чукул кол чогулду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив
Балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активисттердин айтымында, 30 миңден ашуун кол чогултуу пландалууда.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча дагы 7 миңден ашык кишинин колу топтолгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине "Күчтүү үй-бүлө — Күчтүү мамлекет" комитетинин төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган кыймыл аркылуу 11 миң кол чогултулуп, парламенттеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттарына тапшырылган.

"Учурда дагы 7 миңден ашуун кол чогулду. Жайкысын көпчүлүгү эс алууга кеткендиктен ишибизди күзүндө улантмай болдук. Буюрса 11 миңден сырткары 20 миң кол чогултууну пландап жатабыз. Ал үчүн сентябрь айында чоң масштабдуу иш-чаралар өтөт", — деди Молдакматов. 

Ал эки апта аралыгында атайын кепка, футболкалар даяр болорун, ыктыярчылар күзүндө катуу ишке киришерин кошумчалады. 

"Өнүгүү — Прогресстин" катчылыгынын билдиришинче демилгени бардык депутаттар колдоого алышты. 

"Жарандык коомдун мындай демилгесин фракция депутаттары жалпысынан колдоого алды. Алардын арасында өлүм жазасы эмес, химиялык жол менен бычууну да кароо керек деген пикирлер айтылды", — деп фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Жогорку Кенеш имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Педофилдер өлүм жазасына тартылсын деген 10 миң киши кол чогултту
Демилге коомдун колдоосуна ээ болсо референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилиши мүмкүндүгүн катчылыктан кошумчалашты.

Буга чейин теолог Кадыр Маликов исламда педофилдер өлүм жазасы менен жазалана турганын айтып, Кыргызстанда да сот адилеттүү болсо аталган кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүү керектигин жар салган. 

Белгилей кетсек, Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүндөгү мечиттин 58 жаштагы имамы бачабаздыкка шектелип кармалган.

Өспүрүмдөргө жыныстык жактан кордук көрсөткөн жарандарды химиялык бычуу коңшу Казакстанда мыйзамдуу түрдө жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0