БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттарына педофилдерди өлүм жазасына тартуу үчүн 10 миң кол коюлган петиция тапшырылат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдирди.
Конституцияга ылайык, жарандардын демилге көтөрүп чыгуусу үчүн 10 миң кол топтошу керек.
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын жыйыны жума күнү өтөт. Фракциянын депутаттарына документти балдарды коргоо боюнча "Күчтүү үй-бүлө — күчтүү мамлекет" деп аталган комитеттен тапшырышат.
Аталган комитеттин жетекчиси Молдокматов кол топтоо былтыр май айында башталып, Кыргызстандын бардык аймагында жүргөнүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.