Карелияда болгон апаат, Орландодо болгон түнкү клубдагы атышуудан жабыркагандарды эскерүү акциясы, Британия парламентинин депутаты Джо Кокстун өлүмү, Кытайдагы суу ташкындын кесепети, 30 дельфинди Индонезиянын жээгине кое берүү, Петербургдагы XX эл аралык экономикалык форум жана башка маанилүү окуялар — Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүндө.

"Парк-отель Сямозеро" лагерине келген окуучулар кайык менен кыдырып жүргөн маалда Карелия (Россия) көлмөсүнөн катуу шамалга тушугушту. Туристтик топтун курамында 51 адам болгон. Алардын төртөөсү чоң адамдар болгон. Тергөө иштери 14 адам каза болгонун көрсөттү. Балдар акыйкатчысы Павел Астаховдун айтымында, 15 баланын жансыз денеси табылган. Бирок Карелиянын башчысы Александр Худилайнен азырынча 13 баланын көз жумганы белгилүү экенин, дагы бир бала изделип жатканын билдирген

Проболингодо (Индонезия) 30дан ашык дельфиндер суунун жээгине чыгып калышкан. Аскерлер менен жарандардын күчү менен алар деңизге кайтарылды

Аскер полициясы Наньнинедеги (Кытай) окутууда

Нью-Йорктук сүрөтчү Христо Явашев жаңы Италиядагы Изео көлүндөгү "Сүзүүчү пирс" аттуу инсталляциясын тартуулады. Пирс бекер сейилдөө үчүн ачылган

5,2 миллиард доллар сарпталган "Диснейленд" Шанхайда ачылды. Дүйнөдөгү 6-Диснейленддин курулушуна беш жыл сарпталган. Анын аянты 3,9 чарчы чакырымды түздү

Новороссиялык деңиз павильонунда SPIEF Investment & Business Expo аттуу көргөзмө Петербургдагы XX эл аралык форумдун алкагында өткөрүлдү. Форумга келгендердин саны 12 миңден ашты. Жалпы 21 өлкөдөн 230 министр катышты

Непалдагы жогорку орто мектебинин 68 жаштагы студенти тыныгуу учурунда волейбол ойноп жатат

Колумбиянын футбол боюнча курама командасы перулуктарды жеңип, кубанып жатышат. Американын кубогу — бул улуттук курама топтордун арасында өтүүчү турнир болуп эсептелет. Америка кубогуна Аргентина, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Уругвай, Чили жана Эквадор катышат

Пекинде өткөн бодибилдинг жана фитнес боюнча "China Fit" аттуу сынактын катышуучулары

Индиялык "Холи" фестивалы Москвадагы "Ачык арена" стадионунда өткөрүлдү

Индиянын Мумбай шаарында Орландодогу Pulse түнкү клубунан көз жумган маркумдарды эскерүү акциясы өткөрүлдү. 12-июнга караган түнү Орландодо жайгашкан бачабаздар түнкү клубунда атышуудан 49 адам көз жумуп, 53 адам жабыркаган

Британиядагы 41 жаштагы депутат Джо Кокс оор жаракаттан улам көз жумду. Ага Берстал айылында кол салуу болгон

Кытайдагы катуу жааган жаандан улам пайда болгон суу ташкындан 25 адам көз жумуп, алты адам изделүүдө. Сел каптаган аймактан 33 миң 200 жаран эвакуацияланды. Кырсык Гуанси-Чжуанск автономдук аймагында катталган

Буту жок спортчунун адвокаты сот учурунда анын бутундагы протезди чечүүнү өтүндү. Оскар Писториуска болгон соттун өкүмү 6-июлда чыгарылат
Писториустун үйүндөгү кырсык 2013-жылдын 14-февралында болгон. Спортчу сүйлөшкөн кызын ууруга алмаштырып өлтүрүп алган. Ал жабылып турган ажаткананын эшигин бир нече ирет аткылаган
Писториустун үйүндөгү кырсык 2013-жылдын 14-февралында болгон. Спортчу сүйлөшкөн кызын ууруга алмаштырып өлтүрүп алган. Ал жабылып турган ажаткананын эшигин бир нече ирет аткылаган

Россиялык мушкер Федор Емельяненко калыстардын чечими менен бразилиялык Фабио Мальдонадону жеңип алды. Fight Nights Global 50 беттеши Санкт-Петербургда өттү

Семеновск капчыгайындагы мүнүшкөр аңчылык учурунда

Швециянын оюнчусу Мартин Ольссон (сол жакта) менен ирландиялык оюнчу Жеймс Маккарти Европа чемпионатында

Албания курама тобунун Европа чемпионатындагы сүрөөнчүлөрү. Албания Францияга каршы оюн көрсөтүп жаткан маал.