БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиев кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Башкы прокуратура экс-мэрдин бир канча ирет мыйзам бузгандыгын, ага карата кылмыш иши козголгонун премьер-министрге кабарлаган.
Койчиев мыйзамсыз жер саткан деп айыпталып келет.