БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын чек ара кызматынын кинология боюнча адистери Казакстандагы Кинологиялык академиясынан билим алып кайтышты. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын чек арачы-кинологдору үчүн окутуу курсу казак кесиптештер тарабынан биринчи жолу уюштурулду.
"Окуу мөөнөтү төрт айга созулуп 10 кызматкер билимин жогорулаткан", — деп айтылат маалыматта.
Кинологдор негизги үч багытта билим алышкан. Алар издөө кызматы, баңги заттарын табуу жана жардыруучу жабдыктарды ыкчам аныктоонун теориялык жана практикалык негиздерин үйрөнүшкөн.
Окуу курсу бүткөндөн кийин чек ара кызматкерлери сертификаттарга ээ болушту.