БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Чүй облусундагы ГЭС-4 суусуна чөгүп кеткен жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-июнда Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылынын аймагында катталган.
Чөгүп кеткен жарандын өздүгү такталып, ал 56 жаштагы Валерий Диденко экени белгилүү болду.
Учурда издөө иштери улантылып жатат.