БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Ирактын Мосул шаарында чогулган элдин алдында 19 күрд кызын жазалаганы айтылууда. Бул туурасында РИА Новости Күрдстандын патриоттук союзунун жергиликтүү активисти Абдулла аль-Малланын айтканына таянып билдирген.
Жазалоого күбө болгон кишинин айтымында, 2-июнда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Мосулдагы борбордук аянтта жүздөгөн адамдардын алдында 19 күрд кызын өрттөп жиберген.
"Алар халифаттын согушкерлеринине күң болуудан баш тартканы үчүн жазаланды", — деп айткан Абдулла аль-Малла.
Ал төбө чачты тик тургузган мындай алааматтан кыздарды куткарууга эч ким даабаганын кошумчалады.
Ирак Күрдстаны — Ирактын түндүгүндөгү автономиялуу аймак, алардын статусу өлкөнүн Баш мыйзамы менен бекитилген. Мосул — Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи шаар. 2014-жылдан бери калаа "Ислам мамлекети" согушкерлеринин эл арасында массалык жазалоолорду жүргүзүп келет.