БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Сауд Аравия падышачылыгында бирөөгө таандык Wi-Fi байланышын уруксатсыз пайдалануу күнөө деп табылды. Бул тууралуу Улуу Британиянын The Independent гезити маалымдады.
Мындай фатваны (корутунду) өлкөнүн илимий изилдөөлөр жана диний укук боюнча жогорку комитеттин илимпоз-аалымы Али Аль Хаками чыгарган.
"Wi-Fi байланышын бенефициар же түйүнсүз Интернет менен камсыз кылуучу жактын уруксатысыз пайдаланууга болбойт", — деп айтылат корутундуда.
Бирок мында Түйүнсүз Интернетти парк, соода борборлору, мамлекеттик мекеме, кафе, мейманканаларда пайдаланууга уруксат берилген.
Айрым блоггерлер менен интернет-коомчулук мындай чечимди кескин сынга алды. Алардын айтымында, бул үчүн атайын фатва чыгаруунун кажети жок болчу, анткени ар бир маданияттуу адам бирөөнүн Wi-Fi байланышын анын уруксатысыз пайдалануу туура эмес экенин түшүнөт.