БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда күн себелейт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкек менен Ош шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бишкекте түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 28…30 градуска чейин жылуу болсо, Ошто абанын темпуратурасы түнкүсүн 18…20 градус, ал эми күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт.
3-6-июнда аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.