Июнь айында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте ысык аба-ырайы. Архив
Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түштүк аймагында аба ырайы 37 градуска чейин ысыса, түндүк аймактагы эң жогорку температура 35 градустун деңгээлинде сакталат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Июнь айында Кыргызстан боюнча аба ырайы белгиленген нормада болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда бир айлык температура климаттык нормада сакталат. Күндүз күн +32…+37 градустун деңгээлинде өзгөрүп турат. Түндө аба ырайы +16…+21 градус болот. Жаан-чачын айрым аймактарда нормадан ашык жаайт.

Жаан көлчүгү - Sputnik Кыргызстан
Жаанга бай май айы. Суунун көлөмү канча болду?
Талас облусунда күндүз аба ырайы +30…+35 градус, ал эми түндө +13…+18 градус болот. 

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз +32…+37 градуска чейин ысыйт. Түнкүсүн +17…+22 градуска чейин жылуу болот. Жаандын жаашы белгиленген нормада (13-33 миллиметр) сакталат.

Ысык-Көл облусунда аба ырайы климаттык нормада болуп, күн +23…+28 градуска чейин ысыйт. Түнкүсүн +10…15 градус жылуу болот. Көпчүлүк аймактарда жаандын көлөмү өз ченеминде сакталат. Облустун чыгыш тарабындагы айрым аймактарда жаан көп жаайт.

Нарын облусунда аба ырайы +26…+31 градустун деңгээлинде алмашып турат, түнкүсүн +8…+13 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0