Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн жумада болуп өткөн эң кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.
Индиядагы адаттан тыш ысык аба ырайы, Флоренциядагы Арно дарыясынын жээгинин урашы, корей учагынын Токиодогу Ханэда аэропортунда күйүп кетиши, кара беретти кийүүгө уруксат алуу үчүн Екатеринбургда өткөн сынак, Лондондогу Chelsea Flower Show көргөзмөсү, билим берүү системасына реформа жүргүзүүгө каршы чыккан Чилидеги студенттердин акциясы сыяктуу көптөгөн кызыктуу окуяларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.
Корей авиалайнери Токиодогу Ханэда аэропортунда күйүп кетти. 20 чакты жаран жеңил жаракат алып, алардын сегизинин денеси көгала болгон. Korean Air авиакомпаниясына таандык Boeing 777 лайнери абага көтөрүлгөндө канатынан түтүн чыга баштаганы байкалган. Мындан улам тез арада учак ичиндеги 319 жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрү үйлөмө трап менен эвакуацияланган
АКШнын президенти Барак Обама Япониядагы Ивакуни аскердик авиабазасында ыйлап жаткан наристени колуна алды. Обама Хиросимага келген АКШнын алгачкы президенти болуп эсептелет 1945-жылы август айында америкалык авиация Хиросимага атомдук бомба таштаган.
Билим берүү системасына реформа жүргүзүүгө Чилидеги студенттер каршы чыгышты. Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Чилинин президенти Мишель Бачелет шайлоо алдында университеттерден билим алууну бекер кылып берүүгө сөз берген. Бирок анын айткандарынын көбү аткаруусуз калган. 2016-жылдан тарта 150 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бекер билим ала баштаган. Бирок акцияга чыккан жаштар демилге андан ары уланбай калганына нааразылыктарын билдиришти
Япониядагы Миэ префектурасында 26-27-май аралыгында "Чоң жетиликтин" жыл сайын өткөрүлчү саммити болуп өттү. Өлкө лидерлери салтка айланып калган дарак тигүү иш-чарасын саммиттин ачылышында өткөрүштү
Флоренциядагы белгилүү Понте-Веккьо көпүрөсүнө жакын жердеги Арно дарыясынын жээги урап түштү. Туурасы жети, узундугу 200 метрге жеткен урандынын ортосунда 20 унаа калып калган.
Скопьядагы Юстиция министрлигинин алдындагы өкмөткө каршы акциянын катышуучусу. Македониянын парламенти 26-майда оппозициянын президенти Георгий Ивановго импичмент жарыялоо сунушун карай баштаган.
Индиядагы Пхалоди штатында аба ырайы 51 градус ысыкка жетти. Мурдагы рекорд 1956-жылы катталып, абанын температурасы +50,6 градусту түзгөн. Бийлик канча адам жабыркагандыгы тууралуу расмий маалымат бере элек. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары жүздөгөн адамдардын көз жумгандыгын жазып чыгышты.
Сиднейдеги опера театры. Vivid Sydney фестивалы өтүп жаткан маал. Жыл сайын май айынын аягы, июндун башталышында Австралиянын борбору түркүн түстөр менен кооздолуп, жомоктогудай шаарга айланат.
Индонезиянын Ачех провинциясында жоголуп бара жаткан жаныбарлардан жасалган товарлар жок кылынды. Өлкө бийлиги жапайы жаныбарлар менен мыйзамсыз соода кылгандарга каршы саясат жүргүзүп келет.
Бразилиядагы убактылуу өкмөттүн финансы министри Энрикке Мейреллес маалымат жыйын учурунда. Бразилиянын сенаты президент Роуссеффке импичмент жарыялагандан кийин ал 180 күнгө кызматынан четтетилген. Учурда президенттин милдетин вице-президент Мишел Темер аткарып жатат. Ал жаңы өкмөт курамын түзгөн
"Реал Мадрид" Чемпиондор лигасынын кубогун11-жолу жеңип жатышат. Финалдык оюнда алар мадриддик "Атлетико" командасын утуп алышты. Европанын абройлуу футболдук таймашы Миландагы "Сан-Сиро" стадионунда өттү. Берилген негизги убакытта командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Пенальти учурунда 5:3 эсеби менен беттешүүнү "Реал" командасы жеңип чыкты