БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүй облусунда баңгизат саткан кылмышкер колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Аламүдүн районунун тургуну 1,3 грамм героин менен кармалган. Анын аркасы менен баңгизат саткан жаран аныкталып, Аламүдүн районунун 35 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Аламүдүн райондук сотунун чечими шектүүнүн Төмөнкү Ала-Арчадагы үйүндө тинтүү жүрүп, 1 килограмм 650 грамм героин алынган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.