БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Аргентинада Villa Elisa жана Defensores de Colon командаларынын беттеши трагедия менен аяктап, футболчулардын бири оюн талаасында жан берди. Бул тууралуу El Universal порталына шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.
Оюн учурунда атаандаштын тизеси Фавренин бетине тийген. Ачуусу келген футболчу өз нааразычылыгын билдире баштайт.
Чыр чыккан жерге эки команданын тең футболчулары чуркап келишет. Ачуу сөзгө жаны ачыган Defensores de Colon командасынын оюнчусу Фаврени моюнга уруп жиберген. Соккудан улам футболчу жерге жыгылып түшөт да, дарыгерлердин аракетине карабастан каза болгон.
Регионалдык лиганын оюну дароо токтотулган. Ал эми футболчунун өлүмүнө эмне себеп болгонун тергөө иликтемей болду.