БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Барса" клубу "Севилья" командасын утуп, Испания кубогун жеңип алды.
Жекшемби күнү Мадриддеги "Висенте Кальдерон" стадионунда болгон беттеш 2:0 эсебинде каталониялыктардын пайдасына чечилди. "Барсага" жеңиш алып келген голдорду 97-мүнөттө Жорди Альба, 120-мүнөттө Неймар киргизди.
"Барселона" Испания кубогуна 28-жолу ээ болуп жатат. Каталониялыктар бул жылы өлкө биринчилигин жана Испания кубогун утуп, алдына ат салдырган жок.