"Айчүрөктүн" алдындагы мажүрүм тал: дарактар эмне үчүн кыйылышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековАйчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнү. Архив
Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер Академиясынын окумуштуулары Бишкектин чок ортосунда жайгашкан мажүрүм талдардын кыйылышы боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтты.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы менен Илимдер академиясы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн аймагында жайгашкан фонтандын жанындагы үч мажүрүм талдын, каражыгач менен клендун кыйылышы боюнча өздөрүнүн чыгарган бүтүмүн айтышты. 

ЦУМдун жанындагы фонтан жана тосулган тосмо. Мажүрүм талдын асмандан көрүнүшү
Мажүрүм талдардын кыйылышы туурасындагы маалымат социалдык тармактарда чоң талкууну жараткан. Коомчулуктун мындай реакциясынан кийин мажүрүм тал 70 жылга чейин жашарын, бирок, фонтан айланасындагы дарактардын тамыры чирип бараткандыгын айтышкан. 

Маалыматтарга таянсак, аталган фонтандар 1974-жылы курулган, дарактар да ушул жылы отургузулган. Учурда аталган жайды кайрадан оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы дарактар чын эле негиздүү кыйылып жатабы же жокпу, 70 жылдык деген сандардын кайдан чыккандыгы жана аларды сактап калууга болот беле деген суроолорго жооп издеп көрдү. 

Соода борбору курулбайт

ЦУМдун башкы инженери Константин Галкиндин айтымында, комплекстин ордуна соода түйүнүн куруу пландалган жок. Ал шаардыктарды келип өз көзү менен мажүрүм талдардын абалын көрүп кетүүгө чакырат.

"Бул жакта турган бактарда кичинекей бала батчудай болгон тешиктер бар. Менимче, бул жакта өсүп турган мажүрүм тал менен жаратылыштын кадимки шартында өскөн талдардын айырмасы чоң. Биздин бактар жаратылышта өскөн бактардай эле абалы жакшы деп айта албайм", — дейт Галкин.

Ал ошондой эле ЦУМдун жетекчилиги имараттын айланасындагы бактарды коргоп калууга кызыкдар экенин айтат. 

"Аларды алмаштыруунун биз үчүн деле кажети жок. Анан калса кыйылган бак үчүн акча төлөгүбүз келбейт. Ошол эле учурда эртең бак кулап кимдир-бирөөнү басып калышын да каалабайбыз. Кийин ушул эле ЖМКлар бизди каякты карап отурушту деп жазып чыгышпайбы. Ошондуктан биз адистерди чакырып, алар бактын тамырларын карап чыгышын сурандык. Эми алар чечим кабыл алат", — деди Галкин.

Талдар отургузулуп жатканда эле 20 жашта болчу

Мажүрүм талдар боюнча өз пикирин Илимдер академиясынын токой институтунун илимий кызматкери Нурлана Саипова билдирди. Ал талдар боюнча корутунду даярдап бир ай бою иштеген комиссиянын курамына кирген. Саипова корутундуда эмне үчүн талдардын жашы 70 жыл деп көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп берди.

Ийилген дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бак-дарактардан абайла. Бишкектеги эң коркунучтуу 13 жер
Анын айтымында, мажүрүм тал узакка жашай албай турган дарак болуп саналат. Ал эми фонтандын жанындагы бактар ичинен чирий баштаган. 

"Мен бак-дарактарды абдан жакшы көрөм. Бирок катуу шамал болсо алардын кулап каларын да түшүнүү керек. Коомчулукту алардын курагы тынчсыздандырбашы керек, алардын айрымдары отургузулуп жатканда эле 20 жашта болчу. Комплекс ачылып жатканда жаш көчөттөрдү отургузмак беле. Мындан тышкары, талдардын физиологиясын, өсүп жаткан аймагын эске алуу керек. Мунун баары бактын мөөнөтүнө таасир этет. Мен 70 жаштамын. Азыркы жаштар техниканы жакшы билгендей эле мен да бактардын сырын мыкты өздөштүргөм", — деди ал.

Качан кыюу керек?

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер ишкана бактын кооптуу абалда экендиги тууралуу жыйынтык чыгарып бергенин айтты.

"Бактар же сентябрь айында, же андан эрте кыйылат. Бул жаңы көчөттөрдүн табылышына байланыштуу", — деди ал. 

Шаар тургунунун пикири

Такси айдоочусу Сагын Орозбаев унаасын ЦУМдун жанына токтотот. Ал фонтандын реконструкцияланып жатышын колдой турганын айтты. 

"Адам өмүрүнө кооптуулук жаралса, талдардын кыйылганы эле оң", — деди ал. 

Эскерте кетсек, ЦУМдун жанындагы фонтанды реконструкциялоо иштери апрель айында башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0