Sputnik Кыргызстан агенттигинин корреспонденти шаардагы коркунуч жараткан дарактарды сүрөткө тартып чыкты.
Буга чейин борбор мэри Албек Ибраимов 27-апрелге чейин кулап калуу коркунучун жараткан дарактарды аныктап чыгуу тапшырмасын берген. Анын ишке ашуусун вице-мэр Эркинбек Исаков көзөмөлгө алмай болгон.
Эгерде сиз кулап калуу коркунучу бар дарактарды көрсөңүз, аны сүрөткө тартып Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жөнөтсөңүз болот.

Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги ийилип калган дарак

Улутук университеттин студенттерине Жаштар аллеясындагы ийилип калган бактарды айланып өтүү сунушталат

Эркиндик проспектиси. Ушул жерге жакын жерде жаш жигиттин үстүнө дарактын бутагы кулаган. Ал жаракат алып, ооруканага жеткирилген

КЭУ окуу жайынын студенттери дагы абайлаш керек. Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши

Коркунуч жараткан дарак ошол эле жердин аркы тарабында жайгашкан

Бишкектин борбору — Киевский менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши

Дарактын көлөкөсүндө эс алууну каалаган адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Токтогул менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши

Дагы бир коркунуч жараткан бөлүк. Манас проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилиши

Панфилов көчөсүндөгү карыган дарактар

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен жарандарга коркунуч жараткан дарактар. Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси

Фрунзе жана Исанов көчөлөрү

Дагы бир куурап калган дарак. Ибраимов менен Московский көчөлөрүнүн кесилиши

Кайра эле Эркиндик бульвары.