Соода борборунун администрациясы фонтанды оңдоо иштеринен улам имараттын батыш тарабына убактылуу тосмо коюлганын маалымдады.
"Плиткаларды алмаштырып, отургучтарды жаңыртабыз. Мажүрүм талга тийбейбиз", — деп соода борбордун администрациясынан ишендиришти.
Ал эми Бишкек мэриясы "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы фонтандын жанында жүргөн кишилерге куурап калган бактын бутактары түшүп кетпеши үчүн кыркып жатканын билдиришти.