БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын Москва шаарынын четинен беш байкерди өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын РИА Новости жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.
"Полиция кызматкерлери беш байкерди өлтүрүүгө шектелген жарандын жашаган жерин аныктап, аны кармашты", — деп жергиликтүү полиция билдирди.
Москва облусунун укук коргоо органдарындагы булактын маалыматына ылайык, кармалган жаран 1988-жылы туулган Илья Асеев.
"Шектүү жаран тергөөчүлөр тарабынан суракка алынып, жасагандарын моюндады", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Москва облусунун Егорьевск районунун аймагынан бейтааныш киши мотоцикл айдап бараткандарга ок чыгарганы маалымдалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча жергиликтүү тургун менен каза болгон кишилердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Алган жаракатынан беш киши окуя болгон жерден каза болгон.