БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Москва шаарынын четинен беш байкерди атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыкты.
Буга чейин Москва шаарынын жанында жайгашкан Челохово кыштагында белгисиз жаран катары менен беш байкерди аңчылык кылып жүргөн мылтыгы менен атып салганы айтылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, байкерлер менен жергиликтүү тургундун ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, каргашалуу окуя чыккан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Учурда милиция шектүү катары 1988-жылы туулган жаранды кармады.