БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Эквадор президенти Рафаэль Висенте Корреа Дельгадого аталган өлкөдөгү зилзаланын курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жекшемби күнү, 17-апрелде Эквадордо магнитудасы 7,8ге жеткен жер титиреп, андан каза болгондордун саны акыркы маалыматтарда 413 кишиге жеткендиги кабарланган.
"Бул трагедиялуу учурларда Кыргызстан элинин айтынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз", — деп айтылат телеграммада.
Жер титирөөнүн эпицентри Муисне шаарынан түштүк-чыгыш тарабынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзаладан көп кабаттуу имараттардын көбү, ресторан, мейманканалар урап түшкөн.