БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама Россияга туруштук берүү үчүн Европанын куралдуу күчтөрүнө инвестиция салуу зарыл экенин билдирди.
"Аскердик инвестиция Европадагы өнөктөштөрүбүздүн коопсуздугу үчүн жана Россия тараптан болчу аракеттерге татыктуу жооп берүү максатында керек", — деди Обама.
Мындай пикирин АКШ президенти коргоо министри Эштон Картерди кабыл алууда айтты.