БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Латвия бийлигинин күтүүсүздөн Sputnik Латвия порталын.lv домен аймагында жапканына байланыштуу Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу.com домени менен интернет айдыңында орус жана латыш тилдеринде порталдын жаңы ресурсун ишке киргизгенин белгилейт.
Аталган портал мурункудай эле жергиликтүү жана эл аралык маанилүү окуялар, ар кыл пикирлер менен тааныштыруусун уланта бермекчи. Мындан тышкары, iOS жана Android платформасында латыш жана орус тилдеринде мобилдик тиркемелер жеткиликтүү болот.
Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.