БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткенде жер талаштан улам бир тууган агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн 50 жаштагы Сайтказы Бактыбаев эки айга камакка алынганын Жогорку сот билдирди.
Эскерте кетсек, 15-март күнү Бактыбаев 56 жаштагы бир тууганы менен көптөн бери келе жаткан жер талашуу чырынан улам урушуп, үйүнөн бычак алып чыгып аны көкүрөк тушка сайып салган. Андан кийин агасынын үйүнө барып, камыр жууруп отурган жеңесине да бычак урган. Натыйжада экөө тең каза болгон.
Бул боюнча "Мыкаачылык менен эки же андан ашык адамды өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Аны караган Баткен райондук соту Бактыбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.