00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:07
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзбекстандын Кыргызстан менен болгон чек арасы эмне үчүн жабылганы айтылды

© SputnikСитуация на границе Кыргызстана с Узбекистаном в местности Могол Ала-Букинского района Джалал-Абадской области
Ситуация на границе Кыргызстана с Узбекистаном в местности Могол Ала-Букинского района Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таң эртең менен кыргыз-өзбек чек арасын өзбек тарап тосуп, автоматчан аскерлер менен БТРлер коюлган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өзбекстандын чек ара кызматы Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдеди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин маалымат кызматына таянып билдирди.

Сариев чек ара коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү
КР Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келгендигин билдирген. 18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. 

Жергиликтүү тургандар Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолунун 1,5 чакырымына өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлгандыгын билдирген. Ага ылайык, ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлүүдө. 

Өзбекстандык Чек ара комитетинин маалыматында, БТР Өзбекстандын аймагында турат. Ал эми мамлекеттик чек ара тилкелери эки тараптын келишимине ылайык, талаш аймактарга кирбестен көзөмөлдөөгө алынган.

"Жума күнү, 18-мартта "Маданият" эл аралык көзөмөл өткөрүү жайынын иши оңдоо-түзөө аракеттерине байланыштуу бир тараптуу убактылуу токтотулган. Ал эми бул туурасында чек ара өкүлчүлүгүнүн аппараты аркылуу кыргыз тарапка кабарланган", — деп билиришкен Sputnik Өзбекстан агенттигине аталган комитеттин маалымат кызматынан.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитети кыргыз кесиптештеринен эки тараптын мамилелерин чыңалтып жиберген маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.

Sputnik Өзбекстан агенттигинин абал менен тааныш болгон булагы Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кирген кыргызстандыктар массалык түрдө мекенине кайтып келип жаткандыгын айткан. Мындан улам, Нооруз майрамы учурунда экстремисттердин Өзбекстанга кирип кетишинен кооптонгон бийлик, алдын алып, чек араларды бекемдөө чараларын көрүүдө.

"Учурда дүрбөлөңгө түшүрбөө үчүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик чек арада абал тынч жана эч кандай чыр-чатак катталган жок", — деп булак айткан.

Жакында эле Ошто өткөн ЖК комитетинин жыйыны өткөн. Анда КРдин

УКМК өкүлү Сирияда терроризмге каршы Россиянын космостук аскердик аба күчтөрүнүн масштабдуу операцияларынан кийин мекенине кайта турган согушкер кыргызстандыктардын агымы күчөй турганын баса белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0