Дем алыш күндөрү аба ырайы суук болуп, үшүк жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы бишкектиктер. Архив
Ала-Тоо аянтындагы бишкектиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суук аба ырайынан улам гүлдөр менен бүчүрлөнгөн дарактарды үшүк алышы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Дем алыш күндөрү республика боюнча аба ырайы төмөндөп, үшүк жүрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарында 19-20-март күндөрү аба ырайы 0…-2° чейин суук болот. Бул гүлдөр менен бүчүрлөнгөн дарактардын үшүп калышына алып келет", − деп айтылат маалыматта. 

18-21-март аралыгында катуу жааган жаандан улам Бишкек — Ош (121-137, 198-265 км), Бишкек — Талас (198-209 км), Ала-Бука — Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол — Эңилчек (45-90 км) унаа жолдоруна кар көчкүсү түшүп, жолдорго муз тоңушу мүмкүн. 

Кар көчкүсү түшүү коркунучу бар жолдордо унаалар 500 метрлик аралыкты сактоосу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0