БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 273-чакырымында Mitsubishi үлгүсүндөгү унаа ичиндеги беш жүргүнчүсү менен жолдон чыгып, Чычкан суусуна кулап кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, унааны 27 жаштагы Асел Жантаева башкарып, ичинде бир кишиден тышкары анын эки кызы менен баласы болгон.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандардын баарын суудан чыгарышып, Тез жардам менен Токтогул районунун ооруканасына жеткирилген.