БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн күн 19 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Ал эми Ош шаарында күндүз 21 градуска чейин ысык болот. Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн күн жылуу болору айтылды. Таласта +17, Баткенде +20, Ысык-Көлдө +8 жана Нарын облусунда төрт градус жылуу болот.